• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Казакстандын соода министри жазында азык-түлүк арзандай турганын билдирди

17 Бирдин айы 2023 9:09 Бишкек Govori.TV

Казакстандыктар азык-түлүктүн арзандоосун быйыл жазында сезе башташат. Бул тууралуу сенаттын кулуарында Казакстандын соода жана интеграция министри Серик Жумангарин билдирди.

Министрдин айтымында, жакын арада социалдык маанидеги негизги азык-түлүктүн 19 түрү арзандай баштайт.

«Биринчи кезекте тартыштыкка жол бербешибиз керек. Экинчиден, бааны туруктуу кармоо шарт. Үчүнчүдөн, арзандатууга карай багыт алышыбыз зарыл. Февраль-мартта арзандатуу трендине жол ачабыз. Элге азык-түлүк жеткиликтүү экенин, дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жоктугун жеткирели. Кооптонууга эч кандай негиз жок», — деди министр.

Анын айтымында, дүкөндөргө турукташтыруу фонддорунан акимдик белгилеген баада азык-түлүктөр түшө баштайт. Бул баа инфляцияны төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Соода министринин билдиришинче, Пакистандан Казакстанга картошка жеткирилип, пияздын баасы да жөнгө салынды. Мындан тышкары күнкарама майы боюнча меморандум түзүлүп, жумуртка өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

2022-жылдын жыйынтыгы менен Казакстанда инфляция 20,3 пайызды түздү. Бир жылда азык-түлүк 25,3 пайызга кымбаттады.

Количество просмотров: 57