• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кечкисин өспүрүмдөргө көзөмөл күчөтүлөт

21 Кулжа 2023 13:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда кечкисин өспүрүмдөргө көзөмөл күчөтүлөт. Маалыматка ылайык, мындай чара 21-23-июнь аралыгында өлкө аймагында мектеп бүтүрүүчүлөрүнө мектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жана аттестаттарды тапшыруу аземине байланыштуу көрүлүүдө.

Муну менен катар бүтүрүүчүлөр окууну бүткөндүктөрүн майрамдашып, жаратылыш эс алуучу жайларга, кечкисин кафе-ресторандарга жана түнкү клубдарга баруусу менен коомдук коопсуздукка каршы иштерди жасоо коркунучу бар.

«Мындай терс көрүнүштөргө жол бербөө максатында, ЖКККББ кызматкерлери бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө менен унааларга болгон көзөмөлдү күчөтөт. Айрыкча кечкисин жаш өспүрүмдөр жүргөн унаалардын баарын текшерилип, профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 50