• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кегетиде сууга агып кеткен кыздын сөөгү табылды

23 Кулжа 202616:56 Бишкек Govori.TV

 Кегети капчыгайында сууга агып кеткен 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Маалыматты ӨКМдин Чүй облусундагы башкармалыгы тастыктады.

Бүгүн, 23-июнда Чүй районундагы Кегети капчыгайында жеңил унаа сууга түшүп кеткен. Анын ичинде болгон эки жаш бала Кегети суусуна агып кеткендиги маалымдалды. Жалпысынан жерине издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн 25 куткаруучу тартылды.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, изделип жаткан 2014-жылы туулган М.У. аттуу кыздын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Ал эми 2020-жылы туулган М.У. аттуу баланы издөө иштери кызуу уланууда.

Количество просмотров: 19