Аксыда аты менен сууга түшүп кеткен 11 жашар баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-май күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Терс айылынын тургуну 2010-жылы туулган эркек бала Желе-Терек тилкесинде жайлоого мал айдап бара жатып мал өтүүчү көпүрөдө аты үркүп, аты менен кошо сууга түшүп кеткен.
31-май күнү жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 14 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып Түрдүк суусунун Желе-Терек тилкеси менен Кардон тилкесинин ортолугунда жүргүзүлдү. Бирок натыйжа болгон эмес.
Издөө иштери бүгүн, 1-июнь күнү дагы уланат.