Айрым мамлекеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн 30-ноябрь иш күнү деп белгиленген. Бул тууралуу Токтом порталында маалымдалды.
Алдыдагы ишемби, 30-ноябрда Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын жана Борбордук казынанын кызматкерлери иштешет. Аларга Эмгек кодексине ылайык компенсация төлөнөт.
Маалым болгондой, мындай чечим мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында кабыл алынган.
Ошондой эле Улуттук банкына жана коммерциялык банктарга 30-ноябрды иш күнү деп жарыялоо сунушталды.