• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

31-март иш күнү болот

27 Жалган куран 202516:22 Бишкек Govori.TV

Жаңы Эмгек кодексине ылайык 31-март иш күнү болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, быйыл Орозо айт майрамы 30-мартта майрамдалат. Орозо айт Кыргызстанда эс алуу күнү болуп саналат. Ал быйыл дем алыш күнгө туш келет. Мурдагы Эмгек кодексине ылайык, эс алуу күнү болуп саналган майрам дем алышка туура келсе, ал келерки биринчи күнгө жылдырылып, дүйшөмбү эс алуу күнү болуп келген.

Бирок, министрлер кабинетинин “2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө” токтому күчүн жоготкондугу жөнүндө документине ылайык, жаңы Эмгек кодекси боюнча эми иш күнүн ишембиге которууга болбойт.

Ага байланыштуу 31-март иш күнү болот.

Количество просмотров: 287