Кемероводо болгон өрт кырсыгынан 37 адам көз жумуп, 64 адам дайынсыз жоголду
Кемероводо болгон өрт кырсыгынан 37 адам көз жумуп, 64 адам дайынсыз жоголду
26 Жалган куран 2018 9:15 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.03.2018.Govori.TV
Кемерово шаарынын борборунда жайгашкан «Зимняя вишня» соода борборунда 25-март күнү өрт чыкты. Облустун губернаторунун орун басары Владимир Черновдун айтымында өрт 4-кабатта жайгашкан кинозалдан чыккан. Бир заматтын ичинде башка кабаттарды каптаган. Өрт кабарлоочу жабдык иштебей, кызматкерлер өзүлөрү чуркап элдерди эшике чыгарышкан. Айрым жерлерди өрт тосуп, адамдар чыга албай калышкан. Кырсыктан 37 адам көз жумуп, 69 адам дайынсыз жоголду.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги көз жумгандардын жана жоголгондордун арасында биздин жарандар бар же жок экендигин тактап жатыптыр. Бул тууралуу Govori.TV агенттигинеТИМдин басма-сөз кызматы билдирди.
Кемеровдогу соода борбордун азыркы көрүнүшү (фоторепортаж)
Бишкек. 27.08.2018. Govori.TV ТАСС маалымат агенттиги өрттөн кийинки соода борбордун көрүнүшү тууралуу фоторепортаж жарыялады. Агенттиктин маалыматында …