• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Кеминде катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү

10 Бугу 2024 21:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-майда кечки саат 19:10дор чамасында Чүй облусунун Кемин районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жол бойлой шар аккан суу Тар-Суу-Тегирменти унаа жолуна коркунуч жаратканын, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Селдин суусу жол четин алып, көпүрөнү да агызып кетүү коркунучунда. Учурда жерине жолчулар менен атайын техникалар тартылууда.

Белгилей кетсек, буга чейин 10-12-май күндөрү аба ырайы өзгөрүп, өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгү айтылган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги зарылчылык болбосо жарандардан бул күндөрү жол жүрүүдөн карманып турууга чакырат.

Количество просмотров: 262