• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Кеминде токойдон чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда

9 Аяк оона 2021 9:17 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Көк-Жар токоюнда чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда өрт өчүрүүчү жана куткаруучу кызматтары тартылып, болгон күч аракеттерин жумшап жатат.

«КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Эгембердиев А.Б. баштаган 4 офицердик курам жана Кемин, Чүй, Токмок Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү-куткаруучулары жалпы 60 кызматкер, ошондой эле Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 30 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан болжол менен 20 жаран болуп саат 7:00 до өрттү өчүрүүгө чыгып кетишти»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, тилсиз жоо 7-сентябрь күнү болжол менен саат 16:25те өрт тутанган.

Количество просмотров: 141