• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Аймактарды ирилештирүү Кемин районунда кандай жүрүп жатат?

26 Бирдин айы 2024 14:35 Бишкек Govori.TV

Учурда Кыргызстандагы айыл аймактар ирилештирилип жатат. Өкмөт муну менен элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, жашоо-турмушун жакшыртуу, жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин арттыруу, чечимдерди ыкчам кабыл алуу, коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү максатын көздөп жатканын айтууда.

Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Болот Алиев ирилешүү иштери Кемин өрөөнүндө кандай жүрүп жатканын Govori.TVга айтып берди.

«Азыркы учурда 2 шаар, 11 айыл өкмөттөрү иш алып барууда. Айыл-аймактарды ирилештирүү долбоорлору жергиликтүү калк менен талкууланып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев жаңы түзүлгөн айыл аймактардын борборлору менен таанышып, андагы шарттарга ынанган»,-деди ал.

Алиев айыл өкмөттөр бириктирилгенден кийин дагы алдыда бир топ иштер бар экенин кошумчалады.

«Президенттин жарлыгы чыккан, ошонун негизинде жол карта түзүлгөн. Ошонун алкагында иштеп жатабыз»,-деп кошумчалады Алиев.

Ирилештирүү боюнча сунуштан кийин Кемин районунда 2 шаар жана 4 айыл өкмөтү болот.

Алар:

  • Чоң -Кемин айыл өкмөтү;
  • Кичи-Кемин айыл өкмөтү;
  • Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү;
  • Чым — Коргон айыл өкмөтү.

Чоң-Кемин айыл өкмөтүнө Көк-Ойрок айыл өкмөтү кошулат, калктын саны 9320 (кошулгандан кийин).

Кичи-Кемин айыл өкмөтүнө Ак-Түз, Ильич, Боролдой, Кара-Булак айыл өкмөттөрү кошулат, калктын саны 11578 (кошулгандан кийин).

Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө Жаңы-Алыш айыл өкмөтү кошулат, калктын саны 6579 (кошулгандан кийин).

Чым-Коргон айыл өкмөтүнө Алмалуу айыл өкмөтү кошулат, калктын саны 8351 (кошулгандан кийин).

Количество просмотров: 186