Ысык-Көлгө бараткан жолдо Кемин районундагы тоо беттериндеги жарнамалар тоолорубуздун көркүн бузууда. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов облустук коллегияда билдирди.
Анын айтымында, батыштан келген туристтер бул жарнамаларды көрүп, өздөрүнүн табиятына кайдыгер мамиле кылат деп, бизди шылдың кылышууда.
“Ал жарнамалар эмне кооздук берип жатат, же жергиликтүү бийликке кандай пайдасы бар? Эч кандай пайда жок, тескерисинче тоолорубуздун көркү бузулуп жатат. Кеминдин акимине тапшырма бергем, тез арада ал жак тазаланат. Бардык жарнамалар алынат. Бардык жакта тазалык болуш керек”, — деди Осмонов.