• Дүйшөмбү 1 Теке 2024
  • Понедельник 1 Июль 2024

Кемпир-Абад иши: Абактагылар медициналык кароодон өткөрүүнү талап кылып, кайрылуу жолдошту

28 Бугу 2024 15:58 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып тургандар бүгүн, 28-майда Саламаттык сактоо министрине, атайы прокурорго, укук коргоочуларга, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана маалымат каражаттарына кайрылуу жолдошту.

Алардын кайрылуусунда, алар ушул тапта №1 тергөө абагында эки адам кургак учукка чалдыгып, башкалардан обочолонгонун белгилешкен. Ошондой эле оорулуу адамдын бири карантинге которулганга чейин абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков менен чогуу бир камерада жатканын жазышкан.

«Туберкулёз (кургак учук) жугуштуу оору. Бүгүн, 28-майда, биз камактагы кемпирабадчылар, ооруп карантинде жаткан адам менен чогуу болгон Равшан Жээнбековду жана аны менен бир автоунаада, бир сот залында отурган бизди тез аранын ичинде медициналык текшерүүдөн өткөрүп, кургак учук менен ооруп калуу тобокелдигин жокко чыгарууну талап кылдык», — деп жазылган кайрылууда.

Кайрылууга абактагы сегиз кишинин баары кол коюшкан.

Жаза аткаруу кызматы азырынча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 75