• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Кемпир-Абад иши: Бузурманкулов сабалганын айтты

15 Бугу 202414:33 Бишкек Govori.TV

Таластын мурдагы губернатору, Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан Айбек Бузурманкулов  сабалганын айтып арызданды. Бул тууралуу ал 15-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алынып келген учурда билдирди.

“Жерге жаткырып алып кабыргага урушту. Ичиме жазылган Кемпир-Абад, ачык сот деген жазууну өчүрүштү. Убактылуу кармоочу жайдын начальниги күбө. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго арыз жаздым. Ачык сот, Кемпир-Абад деген сөздөн коркуп атышат”, — деди сот залынан.

Жаза аткаруу кызматы бул окуя боюнча маалымат бере элек.

Количество просмотров: 96