• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кемпир-Абадчылар депутаттарды “чет элдик өкүл” мыйзамын четке кагууга чакырды

18 Тогуздун айы 2023 17:33 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы, активисттер Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова демилгелеген “чет элдик өкүл” мыйзам долбоору боюнча кайрылуу жасашты.

Алар депутаттарды аталган мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырышкан.

«Жогорку Кеңештин чет элдик өкүл жөнүндөгү мыйзамды кабыл алып атышын өлкөбүздүн эркиндигине балта чапкан, улуттук кызыкчылыбызга туура келбеген кадам деп эсептейбиз. Ошондуктан силерге кайрылып, бул мыйзамды кабыл албоого чакырууну туура көрдүк. ХХI кылымда улуттун мамлекетке кана ээ болушу жетишсиз. Биздин улут эркин мамлекетке ээ болушу керек. Ошондо кана биз өлкөбүздө социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кыла алабыз. Чет элдик өкүл мыйзамын кабыл алуу Кыргызстанды Түндүк Корея, Түркмөнстан тарапка түртөт. Эркиндик, адам укугу муунтулат. Элибиздин келечеги үчүн эң зарыл болгон жарандык коом жок болот. Жакырчылык, жумушсуздук күчөйт. Эл аралык финансы институттарын, гуманитардык уюмдардын колдоосу азаят же токтойт. Тышкы саясатта авторитардык, диктатуралык мамлекеттер менен гана мамиле кылган “изгой” өлкөлөрдүн катарына биротоло кошулабыз. Бул мыйзам бийлигин бекемдөөнү, сөз эркиндигин жок кылууну, караңгы көз карашты элибизге таңуулагысы келген кичинекей саясий топтун кана кызыкчылыгына жооп берет. Ушул себептерден улам, жерибиздин бүтүндүгү, элибиздин эркиндиктери үчүн күрөшүп, камакта жаткан Кемпир-Абадчылар силерден бул мыйзамда кабыл албоону суранабыз»,-деп жазылат кайрылууда.

Количество просмотров: 223