• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Абактагы Кемпир-Абадчылар кайрадан ачкачылык жарыялашты. Журналисттер Жапаровго кайрылуу жолдоду

19 Бугу 2023 18:13 Бишкек Govori.TV

“БОРБОР АЗИЯ — КЫТАЙ” САММИТИ

19-майда президент Садыр Жапаров Сиань шаарында “Борбор Азия – Кытай” саммитинде Кыргызстан аймактагы саясий байланыштарды бекемдеп, экономикалык алаканы өнүктүрүүгө жана коопсуздукка коркунуч жараткан чакырыктарга каршы турууда күчтөрдү бириктирүүгө кызыкдар экенин айтты.

Саммитте сөз сүйлөгөн Жапаров биргелешкен аракеттер менен “Сиань декларациясы” даярдалып, макулдашылганын, ал өз ара аракеттенүүнүн негизги магистралдык жолун аныктаган маанилүү концептуалдык документ болушу керектигин айтты.

Кытайдын Сиань шаарындагы “Кытай — Борбор Азия” саммитине Борбор Азиядагы беш мамлекеттин – Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын президенттери барды.

Былтыр Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш.

ЖМК ӨКҮЛДӨРҮ ЖАПАРОВГО КАЙРЫЛДЫ

“Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мурдагы айрым мүчөлөрү жана медиа коомчулук президент Садыр Жапаровго кайрылды.

 Кайрылууда президенттин администрациясынын башкы юристи Мурат Укушовго долбоорго байланыштуу корутунду алуу үчүн документти Венеция комиссиясына жиберүү сунушу жазылган.

Юристтер, журналисттер кол койгон кайрылууда ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топ толук кандуу иштебегени, журналисттердин берген сунуштары кабыл алынбаганы айтылат. Топ үч гана жолу жыйынга чогулганы жана ага Мурат Укушов катышпаганы белгиленген.

Президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун жумушчу топтун мүчөлөрү менен макулдашпай эле 15-майда коомдук талкууга чыгарган. 16-майда белгиленген жыйын үзгүлтүккө учураган. Буга жумушчу топтогу медиа тармактын өкүлдөрүнүн президенттик администрацияга нааразылыгы себеп болгон.

Президенттин администрациясы былтыр ноябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Биз катар медиа өкүлдөрү мыйзам долбоорун сынга алган.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн былтыр декабрда жумушчу топ түзүп, президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. 

КЕМПИР-АБАД ИШИ: АБАКТАГЫЛАР АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАДЫ

Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы, активистер Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына, Кыйноолорду алдын алуу борборуна кайрылуу жолдошту. Анда «Кемпир — Абадчыларга болуп жаткан моралдык — психологиялык басым токтотулсун», «Равшан Жээнбеков, Илгиз Шаменов, Атай Бейшенбек уулу мурдагы олтурган абак бөлмөлөрүнө кайтарылсын жана улам-улам абак бөлмөлөрүнө которуулар токтотулсун» деген талаптар менен 19-майдан баштап, саясий ачкачылык жарыялай тургандыктары жазылган.

Буга чейин, абактагы активист Атай Бейшенбек Тергөө камак жайынын айып изоляторуна киргизилгени кабарланган. Жаза аткаруу кызматы, буга пландуу тинтүү иш-чаралары учурунда анын жанынан уюлдук телефон табылганы себеп болгонун билдирген.

“Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары” жөнүндөгү мыйзамга ылайык, Жаза аткаруу кызматы билдиргендей, “айыпкерлерге жана соттолгондорго тыюу салынган буюмдарды колдонгондугу жана сактагандыгы үчүн мекеме жетекчисинин токтому менен чара көрүлөт”,-деп жазылат маалыматта.

Ал эми активист Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилеринин отставкасын талап кылган каты соц тармактарга жарыяланды. Октябрь окуяларына байланыштуу январь айында Атай Бейшенбекке жалпысынан үч кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Былтыр октябрдын этегинде Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер камалган. Апрель айында райондук сот Кемпир-Абад ишинен улам камакка алынган жети кишини үй камагына чыгарып, 15ин тергөө абагына калтырган. Башка төрт адам ага чейин үй камагына чыгарылган.

ТАЛАСТА ЭКС-ЖЕТЕКЧИЛЕР КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы президенттин Таластагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Нарбеков жана Талас шаарынын мурдагы мэри Аскар Шабданов кармалганын 19-майда билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, былтыр апрель айында тигүү фабрикасын куруу боюнча Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы байкоочу кеңеш атайын жоболорду бузуу менен 82 млн. сомдук долбоорду жактырган.

Ошол эле жылы фабрика куруучуну аныктоо үчүн тендер өтүп, “Ника KG” ишканасы жеңүүчү деп табылган. Андагы келишимге ылайык, аткарылган иштер толугу менен бүткөрүлүп, кабыл алынгандан кийин 100% каражат которулмай болгон.

“Бирок Талас облусун өнүктүрүү фондунун директорунун көрсөтмөсү боюнча мурдагы Талас облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын катынын негизинде 25 миллион сом которгон. Анын ичинен биринчиси, кошумча кайра текшерүүнү талап кылган маалыматтарга ылайык, “откат” иретинде акча каражатын алышкан”, — деп айтылат маалыматта.

Каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктоо үчүн Мамлекеттик архитектура агенттигинин жана Курулуш, турак жай-коммуналдык чарбасынын адистери долбоордун сметалык документтерине талдоо жүргүзүп, тигүү фабрикасын куруунун алгачкы этабында эле мамлекетке 7 миллион сомдук зыян келтирилгени аныкталган.

Кармалгандар Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

ИШКАНА ДИРЕКТОРУ ПАРА АЛУУГА АЙЫПТАЛУУДА

Кен иштетүү боюнча жаңы түзүлгөн ишканадан 2,5 миллион сом талап кылган мамлекеттик ишкананын директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал компанияны кендерди иштетүү лицензиясын алам деп коркутуп, инвесторлордон акча жана ишкананын 20% акциясын талап кылган.

Шектүү мунай өндүрүүчү компаниянын 20% үлүшүн пара катары каттатып, андан кийин дагы 2,5 миллион сом талап кылганы аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында 1 миллион сом пара алып жаткан учурда эки шектүү кармалды. Экөө тең УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызмат сөз кайсы ишкана жана мамлекеттик мекеме тууралуу болуп жатканын жарыялаган жок

МИЛИЦИОНЕРДИ САБАГАНДАР КАРМАЛДЫ

Бишкекте милиция кызматкерин сабаганга шектелип  4 жаран кармалды. Окуя 17-майга караган түнү Жал кичирайонунда болгон. Жерине милиция кызматкерлери барып, К.М. аттуу жаран сабалганы белгилүү болгон. Ал тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Анын баш мээси чайкалып, буту сынган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кармалган жарандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турбайт.

Учурда тергөө иштери уланып, экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 225