• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Аргымбаев абактагы Кемпир-Абадчылар боюнча кайрылуу жасады

20 Аяк оона 2023 10:17 Бишкек Govori.TV

Саясий туткундарды коргоо комититетинин төрагасы Сапарбек Аргымбаев билдирүү таратып, анда 1-тергөө абагынын жер төлөсүнө мыйзамсыз которулган Кемпир-Абадчылар боюнча кайрылуу жасаган.

Анын билдиирүүсүндө, абактагы Азимбек Бекназаровтун, Равшан Жеенбековдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Жеңиш Молдокматовдун 1-тергөө абагынын ным, сыз, абасы начар тазаланган жертөлөсүнө камалышын бул саясатчыларга карата басым деп эсептей туганы жазылган.

«Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча комитетинин Рекомендациясы, Кыйноолорго каршы улуттук борбордук ЖМК ларга жарыяланган, чечимине ылайык, жертөлөдө кармоо санитарияга, гигиенага жана адамга ылайык минималдык стандартка туура келбейт жана белгилүү саясатчылардын ден-соолугун кескин начарлатат. Комитет, абактагы саясий туткундарды жертөлөдөн тез арада, алардын ден-соолугуна, адамдык стандартка туура келген камераларга которушун Жазаларды аткаруу кызматынан суранат жана талап кылат», — деп жазылат кайрылууда.

Буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча камалган алты саясатчы абакта басым болуп жатышканын айтып чыгышкан.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы, активисттердин «сыз жерде кармап жатышат» деген билдирүүсү боюнча комментарий берип, абактарда кыйноого жол берилбей турганын айткан.

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразычылыгын билдирген саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активисттер камакка алынган. Учурда 20дан ашуун киши Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.

Количество просмотров: 631