• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кенжебаев Аманкан Батырбекович

депутат Жогорку Кеңешинин VII чакырылышы (Бир мандат)

Бир мандаттуу округдардан шайланган депутаттар
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети
1967-жылдын 24-августунда Чүй облусунун Сокулук районунун Дөн Алыш айылында туулган.
1987-жылы Фрунзе совхозунун техникумунун “зоотехник» кесибине окуп, ийгиликтүү аяктап, 2005-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин аяктап “экономист” кесибин алган.
1987-1990-жылдары Советтик Аскер-Дениз флотунда кызмат өтөп, “главно-корабельный старшина” званиеге ээ болгон.
Үй-бүлөлүү , 4 баланын атасы.
Эмгек жолу:
• 1990-жылы Ленин атындагы колхозунда ферманын учетчиги.
• 1991-1993-жж Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинде зоотехник.
• 1993-1996-жж “Шорго” айыл чарба кооперативинин төрагасынын орун басары, андан кийин Кыргызпотребсоюзунун кампа башчысы.
• 1997-1998жж “ Бек-Констракшн” фирмасында жабдуучу.
• 1999-жылдан Бишкек Эркин Экономикалык Зонасында (СЭЗ) көзөмөлдөөчү , ага көзөмөлдөөчү, тартип башкармалыгында күзөт жетекчиси, көмөкчү чарбанын,(курулуш боюнча) башкаруучусу, кийинчирээк курулуш жана механизация бөлүмүнүн башчысы болгон (1999-2001).
• 2001-2011-жж Бишкек Эркин Экономикалык Зонасында жоопкерчилиги чектелген өндүрүштүк коомдордо (“Арпа”,”СЭЗ Курулуш”, “Баден-Сервис”) башкы директор. Ал жетектеген “Баден-Сервис” курулуш долбоор фирмасы Ысык-Көлдөгү “Ак-Марал” эс алуу борборун, Американын “Ганси” авиабазасынын казармасын жана ашканасын, “Банк-Азия” жабык акционердик коомунун имаратын ж.б курган. 2000-ж Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулушунун 1-деңгээлдеги лицензиясын алууга татыктуу болгон. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ала-Арча айылдык кеңешинин, андан кийин Сокулук районунун Военно-Антоновка Айылдык Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2011-2012-жж “СЭЗ Бишкек” Жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун орун басары.
• 24.12.2012 – 02.2017-жж Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
• 13.11.2020-22.05.2021-жж Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
• 2021-жылдын май айынан октябрь айына чейин Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп иштеген.
• 2021- жылдын ноябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп жайланып келген.

Количество просмотров: 32