• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Кербен – Таш-Көмүр жолунда күйүүчү май ташыган унаа өрттөндү

24 Баш оона 202312:45 Бишкек Govori.TV

Кербен – Таш-Көмүр унаа жолунда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-августта Жалал-Абад облусунун Аксы районунан өткөн Кербен – Таш-Көмүр унаа жолунун 8-9-чакырым аралыгында күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып, жол жабылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен унаадан чыккан тилсиз жоо саат 16:38де чектөөгө алынып, 18:07де толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен унаадагы 8 куб соляркасы толугу менен күйгөн. Өрттүн көлөмү чоң болгондуктан натыйжада 15 гектар куураган чөп күйгөн.


Количество просмотров: 108