• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Керчтеги окуядан кийин Путин менен Трамп жолукпай калышы мүмкүн

28 Жетинин айы 2018 14:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.11.2018. Govori.TV
30-ноябрда Аргентинанын борбору Буэнос-Айрес шаарында өтө турчу G20 саммитинде Орусия жана АКШнын президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын эки тараптуу сүйлөшүүсү пландалган. Бул тууралуу акыркы жолу кечээ Ак үйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс билдирип, президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон да анда эки тараптуу коопсуздук маселелери жана Азов деңизиндеги кырдаал сүйлөшүүлөрүн айткан.
Бирок кечээ кечинде президент Трамп The Washington Post басылмасына берген маегинде Путин менен жолукпай коюшу мүмкүн экенин, буга Керч кысыгындагы орус атайын кызматы украиналык үч кемеге ок чыгарып, кармап кеткени себеп экенин ачыктады.
«Мага мындай агрессиянын такыр кереги жок. Балким такыр сүйлөшпөй коём. Биздин коопсуздук кызматынын Керчтеги окуя боюнча акыркы тыянагын күтүп жатам. Анын жыйынтыгына карап акыркы чечимди чыгарам»,-деди Трамп.
Буга чейин Парижде болору күтүлгөн эки өлкө башчысынын сүйлөшүүсү да болбой калган. Анан дагы ошол тапта Трамп эки өлкө ортосунда 30 жыл мурда түзулгөн ракеталык келишимден чыгарын да жарыялаган эле. Ошентип ортолорундагы мамилеси дээрлик үзүлүп калган эки мамлекеттин президенттеринин жолугушуусу ар кандай шылтоолор менен улам артка жылып олтурат.  Ал арада ортодогу саясий-экономикалык чыңалуу да  улам жаңы тепкичке көтөрүлүп барат.
Булак: “Марал” радиосу
Количество просмотров: 7