• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Керебеттен кулаган жоокерди эмне үчүн психикалык бейтапканага жөнөткөн жатат?

27 Кулжа 2018 16:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.06.2018. Govori.TV
Керебеттен кулап башынан жаракат алып нейротравматология бөлүмүндө жаткан Улуттук гвардиянын Б.Б аттуу жоокеринин ооруусун врачтар далилдей албай психикалык бейтапканага ата-энесинин уруксаатысыз которуп жатканын жоокердин жакындары Govori.TV сайтына билдирди.
Ал эми Коргоо министрлиги бул жоокер туурасында маалымат берүүдөн баш тартып, психикалык бейтапканага которулушу боюнча маалыматтары жок экенин билдирди.
Бул боюнча Улуттук гвардия бөлүмүнө байланышканыбызда, учурда Б.Б аттуу жоокери боюнча консилум болуп жатканын аскердик саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Талант Наматов билдирди.
Эске сала кетсек, 21-июнда Улуттук гвардиянын 701-бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан Б.Б. аттуу жоокер керебеттен кулап жаракат алып ооруканага жаткырылган.
Количество просмотров: 26