• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

«KG Групп» курулуш компаниясынан үй алгандар УКМКнын алдына чогулушту

11 Үчтүн айы 2024 12:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-январда «KG Групп» курулуш компаниясынан үйлөрүн ала албай жаткан жарандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына чогулушту. Үлүш ээлеринин айтымында,  курулуш компаниянын директору Имамидин Ташовго издөө жарыяланышы аларды тынчсыздандырууда.

Алим Бекматов 2018-жылы аталган компания менен келишим түзүп, үлүштүк негизде батир алууга акча берген. Компания үйдү 2021-жылдын IV кварталында бүтүрүүгө убада берген, бирок курулуш ушул кезге дейре аягына чыга электигин айтты.

«Чыңгыз Айтматов ордосунан батир алгам. Келишим боюнча 2018-жылы башталып, 2021-жылы курулуш бүтүш керек болчу. Ал эми каражатты төлөп бүткөнбүз. Аталган турак жайда 300 батир бар экени айтылган, 105 адам акчасын төлөп бүткөнү белгилүү болду. Жыл сайын «бүтүрөбүз» деген убада берип, аткарай жатышат. Бүгүн УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу үчүн келдик» ,-деди Бекматов.

Батир алгандардын арасында чет жерде мигрант болуп иштеп, батирге деп жылдап чогулткан акчасын бергендер бар. Алардын бири Элзат Сатиева төмөндөгүлөргө токтолду.

«10 жылдан бери миргацияда жүрүп, тапкан акчабызды ушул жака салганбыз. 3 бөлмөлүү батирдин акчасын 2021-жылы толук төлөп бүткөнбүз. Кечээ Ташовго издөө жарыяланды деген маалыматты уккандан кийин сарсанаа болуп, чогулуп келдик»,-деди Сатиева.

Чогулгандар бул маселенин оң жагына чечилишине көмөк кылуу үчүн президент Садыр Жапаровго, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, маселени көзөмөлгө алууну суранышты.

Бул боюнча «KG Групп» курулуш компаниясы маалымат бере элек.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 10-январда KG Групп» компаниясынын директору Имамидин Ташовго издөө жарыяланганын кабарлаган. Ал өлкөдө башаламандык уюштурууга, бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн» деп шектелүүдө.

Количество просмотров: 551