• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Имамидин Ташов үй камагына чыкты

8 Бештин айы 2023 17:52 Бишкек Govori.TV

KG групп компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов үй камагына чыкты. Маалыматты Биринчи май сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК KG групп компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов мыйзамсыз турак жай куруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 10 батир жана 52,4 млн сомдук бир коммерциялык жайды муниципалдык менчикке кайтарып бергенин кабарлаган.

Эске салсак, Ташов Улуттук коопсуздук комитети тарабынан муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүү жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. Анда ишкер Бишкек шаарында бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга байланыштуу айыпталып жатканын маалымдалган болчу.

«Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдагы токтому менен «О» ишканасына бөлүнүп берилген тилкеге 280 орундуу бала бакча салынышы керек болчу. Бирок шаардык архитектуранын жана «Кадастр» мекемесинин жооптуу жана кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу үчүн «О» ишканасынын жетекчилиги менен келишип алган. Анда бала бакчанын ордуна 12 кабаттуу үйдү курууга уруксат берген документтер даярдалган. Анын натыйжасында аталган компания эки көп кабатттуу үйдү мыйзамсыз куруп, сатып жиберген. Мамлекетке келтирилген зыян 52 миллион сом деп эсептелген жана «О» компаниясы аны төлөбөй келген. Учурда ал компаниянын ээси Т.И.А. кармалып, Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, тергөө иштери уланып жатат».

Кошумчалай кетсек, Ташов президенттик шайлоого катышкан жана жана 1.19% добуш алган.

Количество просмотров: 180