• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кийинки айдан тарта мугалимдер 50 миңден көп айлык алышы мүмкүн

10 Аяк оона 2022 16:54 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин айлыгы боюнча маалымат берип, анда мугалимдердин негизги ала турган айлыгы (эң жогорку суммасы) 35 000 сом экенин билдирди.

«Эмгек стажына, олимпиадаларда жана башка билим берүү жаатындагы жетишкендиктерине жараша төлөмдөр кошулуп отуруп 50 000ге чейин алышат. Быйылкы жылдын октябрь айынан тарта каалоосу бар мугалимдер аттестациядан өтө баштайт. Аттестациядан алган категорияларына жараша айлыгына дагы 5 000 сомго чейин кошулушу ыктымал», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик стимулдук жана категориялык төлөмдөр кошулуп отуруп 50 миң сомдон көбүрөөк маяна алып калуусу мүмкүн экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 3110