Киров суу сактагычына чөгүп кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, 23-июлда Чолпонбай айыл аймагындагы «Киров» суу сактагычына 1 адам сууга чөгүп кеткендиги жөнүндө куткаруу кызматына маалымат түшкөн.
«Издөө иштерине жалпы 12 куткаруучу жана милиция кызматкерлери тартылган. Сууга чөгүп кеткен 22 жаштагы Д.Т. аттуу жигит Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Коо айылынын тургуну болгон»,-деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, куткаруучулардын издөө иши кеч кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтотулуп, таң эрте улантылды.