• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ККМге каршы митингдин катышуучулары Акылбек Жапаровдун чыгуусун талап кылышууда

13 Кулжа 202211:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-июнда Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында соодагерлер кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө орнотууга каршы тынчтык митингге чыгышты. Топтолгондор кассалык аппаратты орнотуу талабын жокко чыгаруу менен бирге, эсеп-фактураны тапшырууну да жокко чыгарып, патентке өкөрүүнү талап кылышууда.

Митингге 100 гө чукул адам чогулган. Акциянын катышуучулары Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун өзү чыгып, алардын суроо-талаптарына жооп берүүсун талап кылышты.

«Бизде эки гана өтүнүч бар — кассалык машиналарды жана эсеп-фактураларды жокко чыгаруу. Биз министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жеке жолугушууну талап кылабыз. 10 адам жолугушууга кирип чыксын деп жатышат, бирок өзү чыгып баарыбызга жооп берсин», — дешет митингчилер.

Количество просмотров: 439