Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2023-жылга кирешеси тууралуу декларациясын жарыялай баштады. Анда көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, былтыр декабрда кызматтан кеткен Акылбек Жапаровдун бир жылдагы кирешеси 2 млн 826,6 миң сом болгон.
Ошондой эле, анын декларациясында аянты 77,5 чарчы метр батири гана бар экени жазылган.
