«Клооп» басылмасынын редактору Ислам Розиев Бишкектин Ленин райондук милициясына күбө макамында суракка чакыртылды. Бул тууралуу басылманын сайтында кабарланды.
Сурак 7-июлда саат 15:00гө белгиленген. Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун Кыргызстандын тышкы карызы жөнүндө билдирүүсүнө байланыштуу басылманын редактору күбө макамында сурак берет.
Шаардык милиция бул тууралуу маалымат бере элек.