• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Баткен, Ош, Кара-Суу округундагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы…

28 Чын куран 2024 23:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-апрелде бир мандаттуу №2 Баткен шайлоо округу, №7 Ош шайлоо округу жана №9 Кара-Суу шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда ЖК депутаттыгына шайлоо болуп өттү. кечки саат 20:00дө аяктады.

Үч округдан 30дай талапкер катышты.

Учурда шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча алгачкы маалыматтар жарыяланды.

Кара-Суу шайлоо округунда 36,16% добуш менен Илимбек Кубанычбеков алдыга чыкты.

Ош шайлоо округунда Бекмурза Эргешов алдыда. Ал 43,75% добуш алган.

Баткен шайлоо округу боюнча 41,51% добуш менен Бактыяр Калпаев алдыга чыккан.

Кошумчалай кетсек, 27-апрелде Бишкек шаарынын административдик соту БШКнын талапкер Бекмурза Эргешовду жарыштан четтеткен чечимин жокко чыгарган. БШК Эргешовду 26-апрелде жарыштан четтеткен. Буга башка талапкерлердин аны административдик ресурс колдонууга айыптаган арызы негиз болгон.

Буга чейин эркин журналист Ыдырыс Исаков айрым аткаминерлер жана аларга баш ийген кызматкерлер Эргешовдун штабында жүргөнү тууралуу видео жарыялаган. Бул видео чыккандан кийин мэрияда атайын комиссия түзүлүп, иликтөө жүргөн жана анын чечими менен айрым кызмат адамдары жазага тартылганы белгилүү болгон.

Количество просмотров: 118