• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Мадумаров мандаты тууралуу айтты

26 Чын куран 2024 0:28 Бишкек Govori.TV

27-апрелге караган түнү Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, камактагы Адахан Мадумаров тергөө абагынан чыкты.

Саясатчыны тарапташтары тосуп алышты. Мадумаров журналисттердин суроолоруна жооп берип, соттун чечими жана мандат маселесине токтолду.

«Кыргыз сотунун тарыхында мындай нерсе болгон эмес. 30 күн деп мүнөт, секундуна чейин эсептеп отурушту. Бул нерсенин артында чоң жакшы нерселер бар. Мунун баары мандат үчүн болуп жатат. Башка маселе жок»,-деди Мадумаров.

Эске салсак, Мадумаров өткөн жылдын 2-сентябрында кармалып, менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.

Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

26-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Мадумаровду күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес.

Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин ал абакта калтырылган болчу.

Количество просмотров: 838