• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

28 Бирдин айы 202212:35 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 1-мартынан 3-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 68-75-чакырымдарында, 89-101-чакырымдарында жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Ошондой эле, ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектин сакталышы зарыл экендигин эскертет.

Количество просмотров: 10450