• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Өкмөт башчы №17 ҮМБда түзүлгөн кырдаал боюнча күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин кароону тапшырды

18 Чын куран 202015:04 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев №17 Үй-бүлөлүк медицина борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча тергөө жүргүзүүнү жана күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин кароону тапшырды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бул тапшырманын аткарылышын көзөмөлдөө вице-премьер-министр Аида Исмаиловага жүктөлгөн.

Белгилей кетсек, Чоң-Арык айылындагы №17 Үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеген 4 дарыгер коронавирус жуктуруп алган. Алар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Ал эми алар менен бирге иштеген медицина кызматкерлери обсервацияга жаткырылган.

Количество просмотров: 349