Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 31-январда Алматы шаарындагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында 14 маселе талкууланат, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүүгө, мурда берилген тапшырмаларды аткарууга, санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасын калыптандырууга, интеграциялык бирикмелердин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу Келишиминин үстүндө иштөөгө, эл аралык эрежелерди жана тажрыйбаларды эске алуу менен атайын коргоочу, антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонуу механизмдерин жакшыртууга тийиштүү маселелер бар.