• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өкмөт башчы: Өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 18 млрд. сомго өстү

13 Бугу 2020 11:09 Бишкек Govori.TV

2019-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 167,3 млрд. сомду түздү. Бул 2018-жылкыга караганда 18 млрд. сомго көп. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-майда өкмөттүн 2019-жылга карата отчетун берип жатып билдирди.

Абылгазиевдин айтымында,  Кумтөр, Жерүй жана башка алтын кендеринен мамлекеттик бюджетке түшкөн акча көбөйгөн.

«Кыргызстандын республикалык бюджетинин жалпы кирешеси 2019-жылга карата 152,1 млрд. сом, чыгашасы 162 млрд. сом, ал эми тартыштыгы 9,9 млрд. сом деп эсептелген»,-деди Абылгазиев.

Количество просмотров: 154