• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өкмөт элди алдадыбы? Жылуулуктун акчасын эми гигакалорияга шылтап жатат

8 Бирдин айы 2018 17:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.02.18. Govori.TV 

Бишкек шаарынын тургундары январь айына карата «Бишкекжылуулуктармагы»ОАО  беш күндун акчасы эсептелинбейт дегенине карабай жылуулукка эки эсе көп акча чыгып келгенине нааразы болуп соцтармактарга жазып чыгышты.

«Ысык суу менен жылуулукка квитанция чыгып келди. Артында жазылган 61 11 69 номерлерине бир саат чалып сүйлөшө албай койдум, эч ким жооп бербейт январь айынына кайра эсептелинбей эле акчасы эки эсе көп чыгып келген. Жылуулук менен соттошууга даярмын» деп  Мира Джангарачева фейсбук баракчасына жазган. 

Юрий Копытин деген фейсбук колдонуучусу январь айына квитанция чыгып келгенин жазган. 

«Бишкек шаарында, 2к квартирага (104-серия) ай сайын 900 сом, ашып барса 1000 сом жылуулук жана ысык суу үчүн эсеп дүрмөгү келчү. 1 жума ысык да жок, суу да жок олтурганбыз аз келгенсип, эсеп 50% жогорулатылган сумма менен келди. 500 сом эч нерсе эмес деп төлөп коёюн десем, мага окшогон жүз миңдеген кишилерден да уурдап жатышат «УУРУ ӨКМӨТ»!. Төлөп койсомбу, же сотко берсемби???» деп Мирбек Мунарбек Уулу  деп жазган.  

Govori.TV сайты  «Бишкекжылулуукборбору» ОАО менен байланышканда; «Жылуулук гигакалориянын негизинде берилет. Ал ар бир үйдүн системасына жараша болот. Ал эми 1 гигакалориянын баасы 1134 сом 76 тыйынды түзөт. Учурда контролерлор квитанцияларды абоненттерге жеткирип берип жатышканын» билдирди.

Мындан сырткары январь айына 5 күндүн акчасы эсептелинбегенин жана  керектөөчүгө акча каражаты көп чыгып келсе квитанцияда көрсөтүлгөн 19-80 кыска номуруна же 0312 61 11 69 номерина байланышарын кошумчалады.

Эске салсак, Улуттук энергохолдингден бишкектиктер жылуулук үчүн январдын беш жана февралдын эки күнү үчүн акча төлөбөй турганын билдирген.

Бирок, беш күндүн акчасы эсептелинбейт дегени менен учурда квитанцияларга январь айына эки эсе көп чыгып келүүдө. Ошондо өкмөт шаар тургундарын беш күндүн акчасын төлөбөйсүңөр деп алдадыбы?

Белгилей кетсек, 26-январда абанын температурасы төмөндөп -30 градуска түшкөн. Бул учурда ТЭЦ аварияга учурап, Бишкектиктер жылуулуксуз калышкан.

 

Количество просмотров: 3