• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өкмөт «Гансиде» адамдар өлүп жатышканда концентраторлорду колдонууга бербей өкмөт башчыны күтүшкөн деген маалымат боюнча үн катты

16 Теке 2020 9:58 Бишкек Govori.TV

Социалдык түйүндөрдө «Ганси» аскердик базасынын аймагында уюштурулган «Семетей» пунктунда адамдар дары-дармектин, кычкылтек концентраторунун жетишсиздигинен каза болуп жатышканда медициналык техникаларды колдонууга бербей премьер-министр Бороновдун келишин күтүп жатышты деген маалымат боюнча өкмөттүн маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирүү жазды.

«Бүгүн бир замандашыбыз «Семетей» обсервациясы боюнча өзүнүн пикирин жазган экен. «Биз келгенде жаңы медициналык техникалар турган бир топ коробкаларды көрдүк. Көрсө алар тасма кесип, ачылышын жасоо үчүн өкмөт башчыны күтүп жатышыптыр. Тагыраагы, адамдар өлүп жатканда, алар өкмөт башчынын келишин күтүшкөн экен. Сөз жок…» деген мааниде. Ушул эле постту биздин белгилүү, сыйлуу жарандарыбыз бөлүшүптүр. Өкмөт башчы Кубатбек Боронов эч кандай ачылыш салтанатын жасап, тасма кесүү кылган жок. Ал жердеги аткарылып жаткан иштер менен таанышып, дарыгерлер менен сүйлөшүп кайра кеткен. Ушундай оор кырдаалда жалаа жаап, туура эмес маалымат жазуу менимче адамдык сапатка жатпайт. Буга чейин да өкмөт башчы ачык эле айтып, өтүнгөн өкмөттү мактоонун кереги жок, туура (позитивдүү) жаңылыктар менен бөлүшсөк деп. Ошондуктан түзүлгөн кырдаалды эске алып, бири-бирибизди колдоп, көмөктөшсөк жакшы жыйынттыкка келебиз. Туура кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем! Өзүңөрдү жакшы карап, жакындарыбызга кам көрүп, сак бололу!», — деп айтылат анын билдирүүсүндө.

Количество просмотров: 118