• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өкмөт өкүлдөрү Кытайдан келген медициналык эксперттик топ менен жолугушту

26 Чын куран 2020 19:00 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова өлкөгө Кытай Эл Республикасынан келген медициналык эксперттик топ менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Белгилей кетсек, Эксперттик топ келгенден бери Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине барып, мекеменин иши менен таанышып, лабораториялык аныктоо, ооруну аныктоо алгоритми, жакын байланыштагыларды обочолонтуу боюнча, Кытайда эпидемиологиялык изилдөөлөрдө колдонулган ыкмалар жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Ошондой эле Эксперттик топ Карантиндик жана өзгөчө кооптуу оорулардын республикалык борборунда болушуп, мында жергиликтүү адистер менен коронавирус инфекциясын алдын алуу чараларын, эпидемияга каршы жана дезинфекциялоо иш-чараларын талкуулашты. Адистер Кытайдын COVID-19 менен күрөшүүдөгү тажрыйбалары менен бөлүшүп, кыргызстандык медицина кызматкерлеринин суроолоруна жооп беришти.

Эксперттик топтун кыргызстандык медицина кызматкерлери үчүн онлайн-семинарларына республика боюнча ар түрдүү адистиктердеги 700дөн ашуун адам катышты.

Количество просмотров: 147