• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Өкмөт кайрылуу жасады

6 Тогуздун айы 2020 17:33 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн мүчөлөрү мыйзамдарды сактоого чакырып, Кыргызстандын жарандарына кайрылышты. 6-октябрда чыккан кайрылууда алар мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин үзгүлтүксүз ишин, коомчулуктун коопсуздугун, экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана ишкерликти улантуу үчүн мыйзамдарды сактоого чакырган.

«Өз кезегинде биз өзүбүзгө жүктөлгөн милдеттерибизди аткарууну улантабыз» деп жазылган кайрылууда.

Өкмөттүн басма сөз кызматы өкмөт толук курамы менен, премьер-министр өз ордунда иштеп жатканын маалымдады.

Бүгүн түшкө чейин өкмөт өзгөчө режимде иштеп жатканы кабарланган.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду.

6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, Өкмөт үйүн, УКМКнын имаратын басып алышты. Бир катар күч кызматтарынын жетекчилери алмашканы кабарланды. Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы өкмөттүн өкүлдөрү кызматтан кетүү тууралуу арызын жазышты. Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда.

Количество просмотров: 177