• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өкмөт министр дайындаганды эле билеби?

12 Тогуздун айы 2018 18:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.10.2018.Govori.TV.
Көпчүлүктүн бир топ талкуусунан соң акыры жумуш ордунан бошотулган Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин артынан коомдо “Булар жөн гана арызын жазып кетип калабы, кандайдыр бир жоопко тартылышы керек”,- деген ой пайда болду.
Мындай көрүнүш бизде жалгыз эмес экендигин белгилөө менен “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов өкмөт башчынын жана Жогорку Кеңештин ишин сындады.
Исакунованын ишинен соң башка дагы министрликтер көзөмөлгө алынып, премьер министр өзү иликтөө жүргүзүп жатканын депутат Алтынбек Сулайманов сөз кылды.
Коомчулукта жаралган суроонун жообу табылды өңдөнөт. Дегеним, министр болуп иштеген адамды премьер өзү жумуш ордунан алганы эле чоң жаза экенин эл өкүлү Улукбек Ормонов айтып чыкты.
А дейбиз бу дейбиз, бирок, Эмгек жана өнүгүү министрлигинде болуп өктөн окуя калгандарына сабак болуусу абзел экени талашсыз.

Количество просмотров: 33