• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ширшов катышкан жолугушуу боюнча Амангелдиев комментарий берди

20 Бирдин айы 202610:50 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Алексей Ширшов катышкан “Жогорку Нарын ГЭС каскады” боюнча Кыргызстан менен Орусиянын делегацияларынын жолугушуусу боюнча комментарий берди.

“Жогорку Нарын ГЭС каскады” боюнча келишимди Кыргызстан бир тараптуу бузган. Орусия тарап эл аралык сотко берип Кыргызстанды утуп алган. Ошол боюнча карызыбыз бар. Башында 37 млн доллар болчу. Туумдары менен 54 млн долларга жетип калды. Карыз үчүн долбоорду башка инвесторлорго берүүгө мүмкүн болбой жатат. Алексей Ширшов проектти майда-чүйдөсүнө чейин билет. “ЭлКатты” мамлекетке кайтарганга жардам берди. Андан тышкары Максим Бакиевдин Испаниядагы мүлктөрүн мамлекетке алуу ишине көмөк көрсөтүп жатат. Алексей Ширшов Министрлер кабинетинин буга чейинки төрагасы Акылбек Үсөнбекович менен деле иштешкен. Бирок социалдык тармактарда туура эмес сөздөр тарап жатат”, — деген ал «Азаттыкка»

Амангелдиев Алексей Ширшовдун өкмөттө кандайдыр бир кызматы жок экенин, карызга байланыштуу маселени чечүүгө көмөк көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, Орусиянын Энергетика министрлиги Кыргызстан менен Орусия жумушчу жолугушуу өткөрүп, ага орус министри Сергей Цивилев жана кыргыз тараптан Данияр Амангелдиев, Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев катышканын жазып, жолугушууда тартылган сүрөттөрдү жарыялаган. Кыргыз делегациясынын катарынан Алексей Ширшовду да көрүүгө болот.

Количество просмотров: 341