• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өкмөт «убактылуу» айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узартты

27 Бештин айы 2019 14:11 Бишкек Govori.TV

 Өкмөт «убактылуу» айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узартты. Тиешелүү чечимге Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул документ айдоочулук курамды каттоодо документтерди өз убагында берүүнү камсыздоо максатында кабыл алынды.

Белгилүү болгондой, 2019-жылдын декабрынан тарта Кыргыз Республикасында жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштаган.

Бүгүнкү күнү 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуулук мөөнөтү менен берилген айдоочулук күбөлүктөрдү (шарттуу түрдө «убактылуу» деп аталган) туруктууга алмаштыруу иштери аткарылууда.

Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү штаттык режимде жүрүп жатат.  «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык түзүмдүк бөлүктөрүнө жеткирүү «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 98