• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу жокко чыгарылды

20 Аяк оона 202413:31 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылды. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Мукамбетов Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Ал 1-июлдан тарта “Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам, анын ичинде “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам күчүнө киргенин эске салды.
Анын 1-пунктунда карылыгы боюнча пенсия алууга 63 жашка чыккан эркектер жана 58 жашка чыккан аялдар укуктуу деп жазылган.

Мындан тышкары 2008-жылы киргизилген мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу беренеси алынып салынды. Анда белгиленгенден ашык стажы болсо пенсияга үч жыл мурда чыгуу каралган. Эркектер үчүн — талап кылынган 25тин ордуна 40 жыл, аялдар үчүн — 20 жылдын ордуна 35 жыл. Алар тиешелүүлүгүнө жараша 60 жана 55 жашта пенсияга чыга алышаарын билдирди Жеңишбек Мукамбетов.

Мындан тышкары, толук эмес кызматы үчүн пенсия дайындоону караган 10-берене алынып салынган.

«Пенсиялык системаны реформалоого чейин пенсия толук эмес кызмат өтөө менен да берилчү. Башкача айтканда, эгерде адам пенсия курагына жетип, бирок талап кылынган эмгек стажын толуктабаса, ага базалык пенсия дайындалган, бирок анын өлчөмү пропорционалдуу түрдө кыскартылган. Маселен, аялдын 20 жылдык стажы бар болгону 10 жыл болсо, 3 миң 170 сомдун ордуна 1 миң 750 сом дайындалды», — деп баса белгиледи бөлүм башчы.

Количество просмотров: 325