• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Өкмөт: Жүк ташуучу унаалар өткөрмө кагазы жок жүрө алат

3 Чын куран 2020 9:50 Бишкек Govori.TV

2-апрелдеги республикалык штабдын жыйынында жүк ташуучу автоунаалар санитардык-карантиндик посттор аркылуу тоскоолдуксуз өтүшү үчүн уруксат кагазы жокко чыгарылды.

Башкача айтканда, мындан ары жүк ташыган машинелер посттордон эркин өтө алышат. Жыйында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев калкка керектүү жүк ташыган автоунааларга эч кандай тоскоолдук болбошу керек экенин белгиледи.

«Дары-дармектерди жана социалдык жактан маанилүү товарларды ташыган жүк ташуучу машинелерди тоскоолдуксуз өткөрүүнү камсыз кылыш керек. Алар үчүн жашыл коридор уюштуруу кажет. Тактап айтканда, жүк ташуулар үчүн эч кандай бөгөт болбошу зарыл», — деди өкмөт башчы.

25-марттан тартып коронавирусту жайылтпоо максатында Кыргызстанда Бишкек баштаган үч шаарда жана үч райондо өзгөчө абал режими жарыяланган. Ага ылайык, бул аймактарда коменданттык саат киргизилип, жарандардын эркин жүрүшүнө чектөө коюлду. Мындай шартта соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү, дарыгерлер жана айрым мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери атайын уруксат кагазы менен жүрүүгө милдеттүү.

Количество просмотров: 161