• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

КМШ лидерлеринин саммити, Путиндин сапары. Эксперттер эмне дейт?

12 Тогуздун айы 2023 15:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Жапаров менен Путин эки жана көп тараптуу кызматташуунун мындан аркы өнүгүүсүн талкуулайт.

Саясий серепчи Эмил Жороев Путиндин бул сапары Россия эл аралык масштабдуу санкцияларга кабылып жаткандагы учурга туш келгенин белгилеп, буларга токтолду.

«Дүйнөдө Путин бара ала турган 5-6 мамлекет болсо алардын бири биздин өлкө.Ушул жолугушууда саясий, дипломатиялык сөздөргө көңүл бурулат болуш керек»,-деди Жороев.

Ал эми саясат талдоочу Сейтек Качкынбай Кыргызстан көп векторлуу саясатты кармана турганын айтып, Орусия менен Кыргызстандын алакасы боюнча төмөндөгүдөй пикирин билдирди.

«Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын эске алганда биз азыркы учурда Орусиядан киндигибизди үзө албайбыз. Себеби аталган өлкөдө 1,5 млн кыргыз бар, жылына 2-3 млрд доллар өлкөгө котрушат. Ошол нерселерди эске алганда Кыргызстан нейтралдуу позицияны карманганга аргасыз. Жалгыз эле Кыргызстан эмес, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан деле ошондой көз карашта. Бул позициябызды дүйнө өлкөлөрү жакшы түшүнөт. Баардыгы эле биз менен мамилени кармаганга аракет кылып жатышат», — деди ал.

Ошондой эле эртең Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин лидерлеринин жыйыны өтөт. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев эртең саммитте талкуулана турчу негизги маселелерди белгиледи.

“Алдыдагы иш-чаранын жүрүшүндө Шериктештикке катышкан мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат деп күтүлүүдө. Мындан тышкары терроризм менен күрөшүү сыяктуу коопсуздук маселелери талкууланса керек. Ушул саммитте эл аралык борбор түзүлөт деген маалымат бар. Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча келишим түзүлүшү мүмкүн»,-деди Молдокматов.

Количество просмотров: 86