• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

 Жапаров жана Путин телефон аркылуу сүйлөштү

27 Жалган куран 202616:04 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 27-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги айрым темалар талкууланды.

Мамлекет башчылар Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин белгилешип, эки жактуу мамилелерди союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда мындан аркы чыңдоого берилгендигин ырасташты.

Ошондой эле эки өлкөнүн лидерлери өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөр боюнча пикир алмашышты.

Количество просмотров: 164