Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин жолугушарын айтты.
Песков Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Москвада кыска мөөнөттүк иш сапар менен болорун айткан.
«Бүгүн орус-кыргыз мамилеси үчүн маанилүү күн. Түштөн кийин Орусия менен Кыргызстандын президенттери жолугушат. Президент Жапаров Москвада кыска иш сапары менен болот. Лидерлер өзүнчө аңгемелешип, аны түшкү тамакта улантышат. Мамлекет башчылардын ушундай толук форматтуу, узак баарлашуусун күтүп жатабыз», — деген Песков.