• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

КМШда издөөдө жүргөн 57 адам камеранын жардамы менен табылды

13 Кулжа 202312:41 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөндөрдү аныктоо боюнча видеокамералар орнотулууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 2-июнунан тартып Кыргызстандын аймагында КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн адамдардын жүзүн аныктоо тутуму ишке кирди. Иш башталгандан бери жана 12-июнга карата адамдардын жүзүн таануучу видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөгө алынган көптөгөн жарандар аныкталган.

«Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кылмышкерлердин маалыматтары жүзүн таануу тутумуна жүктөлгөн. Россиянын укук коргоо органдары мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 85 миңден ашык адам тууралуу маалымат берген. Сегиз күндүн ичинде Кыргызстандын ички иштер органдары КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 57 адамды аныктап, жеткиришти. Алардын баары сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен аныкталган. Ички иштер органдарына жеткирилген жарандар маалымат базалары менен текшерилип, каттоого алынган. Чет мамлекеттердин, анын ичинде Россиянын жана Өзбекстандын жараны болгон 4 адам кармалды. Алардын арасында адам өлтүрүүгө аракет кылуу, экстремисттик кылмыштар (УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген), бейбаштык, документтерди жасалмалоо боюнча издөөдө жүргөндөр бар», — деп айтылат маалыматта.

Кармалгандардын басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары болушат.

«Учурда тактоо иштери жүрүп жатат. Алар КМШ өлкөлөрүндө ар кандай кылмыштарды жасаган, анын ичинде уурулук, алдамчылык, документтерди жасалмалоо, тоноо, опузалоо, адам уурдоо, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы, денеге атайылап оор залал келтирүү фактылары боюнча айыпталып, мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Алардын айрымдары мындан 8-9 жыл мурда  издөөгө алынган», — деп билдирет министрлик.

Количество просмотров: 61