• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Князев: Жээнбеков күчүнө киргенде кезек Атамбаевге да келет

9 Бирдин айы 2018 11:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.02.2018.Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 8-февралда Коопсуздук Кеңешин өткөрүп күч түзүмдөрү коррупцияга малынганын айтып сынга алды.
Биздин агенттик россиялык саясий эксперт, чыгыш таануучуАлександр Князевге кайрылып Президенттин күч түзүмдөрүн чынга алуусунун артында эмне жатышы мүмкүн сурап көрдүк.
«Жээнбековго өлкөнү башкарууну толук колго алуу үчүн кадрларды ротация кылганга ылайыктуу абал керек. Күч түзүмдөрү бийликтин негизги структурасы экени талашсыз. Атамбаевдин күч түзүмдөрүн жетектеп турган кадрларынан арылуу-Жээнбековдун биринчи максаты. Андан кийин аймактардын жана каржы-экономикалык блоктун жетекчилерине кезек  жетет»,-дейт Князев.

Ошондой эле Александр Князев коррупция менен күрөш деген желектин астында иш баштоо көпчүлүк президенттерге таандык иш экенин айтат.

«Коррупция менен күрөш деген желектин астында күч түзүмдөрүндөгү коррупцияны сынга алуу –бул Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде кеңири жайылган тажрыйба, жаңылык эмес».

Князев Жээнбековду кескин кадамдарга барбаган адам катары сүрөттөп, батыл иштерин бардык ресурсту өз колуна топтогон соң гана башташы мүмкүн дейт.

«Күч түзүмдөрүндөгү ротация ар кандай жүрүшү мүмкүн, дароо биринчи жетекчилер алмашат дегенди түшүндүрбөйт. Жээнбеков кескин чараларга барбаган адамдай элес калтырат. Анын кадамдары тактикалык жактан даярдалган акырындык менен ишке ашчу иштер. Бирок, кайсы бир этапта азыркы өкмөттү алмаштыруу зарылдыгы турары толук мүмкүн.  Кезек экс-президентке да жетет, бирок ал качан гана Жээнбеков жетиштүү ресурсту толук колуна алганда ишке ашат. Бул программанын жыйынтыгы Жээнбековдун жана анын кланынын жеке бийлигине алып келиши мүмкүн».

Эске салсак, Президент Жээнбеков күч түзүмдөрүнө коррупция менен күрөштү ичинен баштоого жарым жыл убакыт берди.

Количество просмотров: 15