• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Коңшу Казакстанда өзгөчө абал режими 11-майга чейин узартылды 

27 Чын куран 2020 13:43 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-апрелде өлкөдөгү өзгөчө абал режимин узартуу туралуу жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, өзгөчө абал ушул жылдын 11-майына чейин узартылды.

«Жөнөкөй эмес, бирок Казакстанда кооптуу вирустун жайылуусун алдын алуу үчүн зарыл чечим кабыл алууга туура келди. Пандемия геометрикалык прогресс менен өскөн жок. Өлкөгө катуу карантиндик чаралар киргизилип, коомдук транспорт токтотулуп, көпчүлүк уюм жана мекемелер аралыктан иштеп, оору жуктургандар медициналык жардам алып жатышат. Казакстанда оору жуктуруунун туу чокусу өтө элек. Мурункудай эле абал көзөмөлдөн чыгып кетүү коркунучу турат. Мыйзамга ылайык 11-майда өзгөчө абал режими бүтөт, албетте, эпидемиянын жаңы массалык тутануусу болбосо. Мындай болбойт деп үмүттөнөм», — деп айтылат Казакстандын президентинин кайрылуусунда.

Расмий маалымат боюнча, Казакстанда жалпы 2780 адам коронавирус жуктурган. Анын ичинен Алматы шаарында 848 учур, Нур-Султан шаарында 529 учур тастыкталды.

Количество просмотров: 195