• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кой-Ташта сабалган пакистандык студент кыргызча ырдады (видео)

4 Баш оона 202020:20 Бишкек Govori.TV

19-июлда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылындагы «Теплые ключи» эс алуучу жайында кыргыз балдары тарабынан сабалган
пакистандык студенттин кыргыз тилинде мыкты ырдаган видеосу интернетте мактоого арзыды.

22-жаштагы Аббас Саид Рыспай Абдыкадыровдун “Алтынчы күнү кечинде” аттуу ырын аткарган.

Эске салсак, буга чейин тоодо бир нече агрессивдүү маанайдагы кишилер пакистандык студенттерге кол көтөргөн. Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы чыр-чатакка катыштыгы бар делип Ысык-Ата районунун 31 жаштагы жашоочусу Э.О. менен Бишкек шаарынын жашоочулары 30 жаштагы Д.А. менен К.Б. кармалган.

Количество просмотров: 377