• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкекте пакистандык студентти тепловоз сүзүп кеткен учурдун видеосу

15 Бештин айы 2021 9:44 Бишкек Govori.TV

Пакистандык студентти тепловоз сүзүп кеткен учурдун видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

11-декабрда Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишине жакын жердеги темир жолдо бир кишини тепловоз коюп кетип каза болгон. Маркум Пакистандын жараны экени аныкталган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, соттук-медициналык экспертизанын жана алдын ала тергөөнүн алкагында каза болгон Рамзан Мухаммад Кыргызстандын эл аралык университетинин Эл аралык медицина мектебинин 2-курсунун студенти экени такталды. Азыр тергөө жүрүп жатат.

ИИМ окуянын күбөлөрүнүн көрсөтмөсүнө таянып, батыш тараптан темир жолдо жөө бараткан жаран тепловоздон берилген эскертүү үнүнө реакция кылбаганы айтылат. Ички иштер министрлиги кээ бир жарандарды туура эмес, аныкталбаган маалыматтарды таркатпоого чакырып, анын жоопкерчилигин эскерткен.

Количество просмотров: 8748